
Кайра шайлоого чүчүкулак тартуу 7-февралга чейин өтөт.
2022-жылдын 7-февралына чейин талапкерлердин бюллетендердеги катар номурун аныктаган чүчүкулак тартуу өтөт. Бул тууралуу БШК маалымдайт.
Мен Кыргызстандын ар бир жаранынын өз турак-жай болушу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. 150дөн ашык үй бүлөнүн үйлүү болушуна жардам кыла алдым жана бул башталышы гана!
-БББ
ЖКга талапкердин расмий сайты
Свердловский район 13 номер кандидата
Мен мыйзам деңгээлинде турак-жайды баарына жеткиликтүү кылууну билем!
Свердловский район 13 номер кандидата
Эмнеге баары добуш бериши керек? 3 себеби
Свердловский район 13 номер кандидата
Болотбеков Бакытбек Болотбекович — юрист, социалдык ишкер жана коомдук ишмер.
Иш кагаздары боюнча адис жана соттун жардамчысы кызматынан баштап, 150дөн ашык үй бүлөлөргө өз турак жайына ээ болууга көмөк көрсөткөн турак жай ишканасынын башчысы болгонго чейин жетсе да, ал Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо шартынын жакшырышына жана өлкөнүн инфрастуктурасынын өнүгүүсүнө активдүү катышып келатат.
“АИС Хоум” турак жай кооперативин жаңы бийиктиктерге чыгарды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдыңкы 3 турак жай кооперативинин катарына кирди
Кардарлардын, кызматкерлердин жана өнөктөштөрдүн жакшы пикирлерине ээ. Кайсы тармакта алектенбесин, ал өзүн мыкты жагынан көрсөтө алат
150дөн ашык үй-бүлөгө жеке турак жай алууга жардам берди
Биографиясы таза, баскан жолу ачык-айкын
Өмүрүнүн көп бөлүгүн Свердлов районунда жашап, анын баардык маселелерин тереңден билип, жашоочулардын көйгөйлөрүнө эч качан кайдыгер карабай, жалпы шаардын өнүгүшүнө салымын кошкон.
Жашоодогу баардык ийгиликтерине эч кимге таянбай, өз күчү менен жеткен
Жарандардын укуктарын коргоо жана юриспруденция. Жогорку квалификациялуу юрист катары жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга компитенттүү мамиле жасайт. Ошондой эле, иштеп жаткан мыйзам долбоорлорунан кемчиликтерди табат.
Менеджмент жана бизнес. Бизнесте көп жылдык тажрыйбасы бар адамдар гана ишкерлердин муктаждыктарын жана долбоорлорду кантип ишке ашырууну билишет.
Мындан нары куру убадалар жок. Көп жылдар юриспруденция боюнча практикада алган билимим мага калктын көйгөйлөрүн мыйзам чегинде чечүүгө жана зарыл болгон жаңы мыйзамдарды сунуштоого жардам берет. Бул өзгөчө кыймылсыз мүлк маселесине тиешелүү. Менин максатым – Кыргызстандын ар бир жаранын туруктуу үй менен камсыз кылуу.
"Мега Грон" юридикалык компаниясы калкыбызга жана бизнес үчүн юридикалык кызмат көрсөтөт. Юриспруденция тармагында өзүнүн эксперттик деңгээли менен белгилүү.
”АИС Хоум Курулуш” курулуш компаниясы – жаңы муундун курулуш компаниясы.
“Прогресстин толкунунда” коомдук фонду – балдар үйлөрүнө, карылар жана майыптар үйлөрүнө кайрымдуулук жардамдарды көрсөтүү.
Менин баардык күч-аракетим жалгыз жана маанилүү компанияны ишке ашырууга, тактап айтканда калкты арзан турак жай менен камсыз кылууга багытталат. Аны ишке ашыруу бир нече багыттар боюнча аткарылат, атап айтканда:
Көптөгөн адамдар Турак жай кооперативдерине ишенишпейт жана терс көз карашта болуп, аларды көбүнчө пирамида деп айтышат. Бул жаңылыштык. Турак жай кооперативдеринин жардамы менен кыска мөөнөттүн ичинде эбегейсиз ашыкча төлөмдөрсүз, өзүңүздүн турак-жайыңызды сатып алсаңыз болот. Бул мамлекеттин инфраструктурасын өнүктүрүүнүн ишенимдүү, кирешелүү жана ыңгайлуу жолу.
Көпчүлүк жарандар өз үйүн сатып ала алышпайт. Андыктан негизги пункттардын бири - менимче социалдык турак жайлардын курулушу, бул көптөгөн адамдардын үстүндө үйү болушуна мүмкүнчүлүк берет.
Биздин өлкөнүн экологиясына үчүн күрөшүүгө арзырлык нерсе барбы? Аз убакыт мурда Бишкек жашыл, гүлдөп турган шаар болчу. Ал эми бүгүнкү күндө курулуш компанияларын имараттарды башаламандык менен куруп жатканын токтотуу зарыл. Негизги максат – компанияларды курулушка бөлүнгөн жерлердин татыктуу бөлүгүн жашылдандырууга милдеттендирүү.
Жайдын чыдагыс ысыктыгы, бузулган “роза ветров” мунун баары стихиялуу курулуштун кесепети. Мамлекеттин келечеги үчүн, мындай курулуштарды токтотушубуз керек!
Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн курулуш компанияларына парктарды, спорт аянтчаларды жана башка аттракциондорду куруу эрежесин киргизүү. Шаарды көрктөндүрүүгө салым кошкон курулуш компанияларына артыкчылык берүү.
Мкрн «Восток 5». УВКГ №66 актовый зал
Курманалиева. Аламедин РОВД
Бакай-Ата
Учкун
Ворошилова.Быстроток
Таатан,ТЭЦ
Кирпичный
Кирпичный
Ак-Бата
Ниже Жибек-Жолу
Жибек-Жолу/Веселая
Ниже Жибек-Жолу
Кирпичный
Эне-Сай,
Дордой, Келечек
Аламедин-1
Восток-5
Шопоков Боконбаев
Чуй Алматинка
Осмонкула Атай Огонбаев
Чүй / Советская Финал
Урматтуу шайлоочулар! Болотбеков Бакытбек Болотбековичтин ишмердүүлүгү боюнча баардык кызыккан суроолоруңузду бул жерден берсеңиз болот. Сиз форманы тапшыргандан кийин биздин адистер сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беришет.
2022-жылдын 7-февралына чейин талапкерлердин бюллетендердеги катар номурун аныктаган чүчүкулак тартуу өтөт. Бул тууралуу БШК маалымдайт.
28-ноябрда өткөн шайлоодо борбордук эки аймакта “баарына кыршымын” позициясы көпчүлүк добушка ээ болду. Бул кайра шайлоого шарт түздү.
КР БШКсы “Кыргыз Республикасынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо аймактарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо” жөнүндө токтом кылды.
Турак жайды мыйзам чегинде баарына жеткиликтүү кылабыз!
Болотбеков Бакытбек Болотбекович 1986-жылы 22-октябрда Нарын шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. Атасы Нарын РЭСинде башкы инженер, апам Нарын КЭССтин башкы эсепчиси болгон. Бакытбек жаш кезинен эле “баарына бирөөнүн колдоосуна таянбай, өз күчүм менен жетем” деген бекем принциптер менен тарбияланган.
9-класска чейин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы орто мектепте билим алып, 2002-жылы мектепти аяктагандан соң Бишкек автожол техникумунун “Радиотехникаларды жана аппаратураларды оңдоо” адистигине тапшырган. 2005-жылы Бакытбек Болотбекович техникумду бүтүрүп, КМЮАнын “Жарандык укук” адистиги боюнча билим алуусун уланткан.
2006-жылдан 2010-жылга чейин Биринчи май райондук сотунда түрдүү кызматтарды, акырында соттун жардамчысы кызматын ээлеген. 2010-жылы ал соттун жардамчысы кызматынан өз каалоосу менен кетип, ишкердик тармакта ишенимдүү өнүгө баштайт. 2012-жылы “Мега ГРОН” юридикалык компаниясын негиздеген, ал бүгүнкү күнгө чейин активдүү иштеп келет;
2018-жылы “Бест Вей Элет” турак жай кооперативи менен кызматташууну баштап, сатуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып, Кооперативди уюштурууда баалуу тажрыйбага ээ болгон.
2020-жылдын сентябрында Кыргызстандын алдыңкы 3 турак жай кооперативинин катарына кирген “АИС Хоум” коммерциялык эмес турак жай кооперативин негиздеп, ушул күнгө чейин адамдардын жеке турак жайды ыңгайлуу шарттарда алуусуна жардам берип келет. 2021-жылдын апрель айында “Прогресстин толкунунда” коомдук фондун түзгөн. Ал балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жана майыптар үйлөрүнө кайрымдуулук көрсөтөт.
Үй бүлөлүү, 2 уулдун атасы жана кристаллдай таза абийирдүү адам — бул сапаттар, албетте, Бакытбек Болотбековичти чагылдырат.
Адилеттүүлүк, боорукердик, такшалган тажрыйба, жарандарга жардам берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ийне-жибине чейин билүү – мунун бардыгы өлкөдө реформа кылууну каалаган элдик лидерге тишелүү касиеттер. Жогорудагы бийик сапаттар элдин ишенимине ээ кылып, жаш лидерди жаңы деңгээлге чыгара алат!