Болотбеков Бакытбек Болотбекович 1986-жылы 22-октябрда Нарын шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. Атасы Нарын РЭСинде башкы инженер, апам Нарын КЭССтин башкы эсепчиси болгон. Бакытбек жаш кезинен эле “баарына бирөөнүн колдоосуна таянбай, өз күчүм менен жетем” деген бекем принциптер менен тарбияланган.

9-класска чейин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы орто мектепте билим алып, 2002-жылы мектепти аяктагандан соң Бишкек автожол техникумунун “Радиотехникаларды жана аппаратураларды оңдоо” адистигине тапшырган. 2005-жылы Бакытбек Болотбекович техникумду бүтүрүп, КМЮАнын “Жарандык укук” адистиги боюнча билим алуусун уланткан.

2006-жылдан 2010-жылга чейин Биринчи май райондук сотунда түрдүү кызматтарды, акырында соттун жардамчысы кызматын ээлеген. 2010-жылы ал соттун жардамчысы кызматынан өз каалоосу менен кетип, ишкердик тармакта ишенимдүү өнүгө баштайт. 2012-жылы “Мега ГРОН” юридикалык компаниясын негиздеген, ал бүгүнкү күнгө чейин активдүү иштеп келет;

2018-жылы “Бест Вей Элет” турак жай кооперативи менен кызматташууну баштап, сатуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып, Кооперативди уюштурууда баалуу тажрыйбага ээ болгон.

2020-жылдын сентябрында Кыргызстандын алдыңкы 3 турак жай кооперативинин катарына кирген “АИС Хоум” коммерциялык эмес турак жай кооперативин негиздеп, ушул күнгө чейин адамдардын жеке турак жайды ыңгайлуу шарттарда алуусуна жардам берип келет. 2021-жылдын апрель айында “Прогресстин толкунунда” коомдук фондун түзгөн. Ал балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жана майыптар үйлөрүнө кайрымдуулук көрсөтөт.

Үй бүлөлүү, 2 уулдун атасы жана кристаллдай таза абийирдүү адам — бул сапаттар, албетте, Бакытбек Болотбековичти чагылдырат.

Адилеттүүлүк, боорукердик, такшалган тажрыйба, жарандарга жардам берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ийне-жибине чейин билүү – мунун бардыгы өлкөдө реформа кылууну каалаган элдик лидерге тишелүү касиеттер. Жогорудагы бийик сапаттар элдин ишенимине ээ кылып, жаш лидерди жаңы деңгээлге чыгара алат!